Ташкент, 16.07.25. /Кабар/. 2025-жылдын январь-май айларында Өзбекстанга туристтик максатта Кыргызстандан 1 млн 280,1 миң адам келгенин өлкөнүн Статистика комитети кабарлады.
Аталган мезгилде, Өзбекстанга Тажикстандан — 993,7 миң, Казакстандан — 889,6 миң, Россиядан — 334,3 миң, Афганистандан — 199,2 миң, Түркмөнстандан — 142,5 миң, Түркиядан — 65,8 миң, Кытайдан — 51,9 миң, Индиядан — 28,5 миң, Италиядан — 17,4 миң жана башка өлкөлөрдөн 201,1 миң турист келген.
Жалпысынан жылдын алгачкы беш айында Өзбекстанга 4,2 млн чет элдик жаран турист катары келген. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,4 млн адамга көп, же 48,2 пайызга өсүштү түзөт.
Серепчилердин баамында, мындай көрсөткүч Өзбекстандын туристтик багыт катары кызыгуусунун артып жатканын жана тармакты өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар натыйжалуу болуп жатканын көрсөтөт.