Ташкент, 25.07.25./Кабар/. 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында Өзбекстандан чет өлкөгө туруктуу жашоо үчүн кеткен жарандардын саны 9,6% пайыз көбөйдү. Бирок бул көрсөткүч 2023-жылдагыга жана өзгөчө 2010-жылдардын башындагы деңгээлге салыштырмалуу дагы эле төмөн.
Көбүнчө Каракалпакстан, Ташкент облусу жана Ташкент шаарынын тургундары өлкөдөн чыгып кетишүүдө. Эң аз эммиграция Кашкадарыя, Сурхандарыя жана Наманган облустарында катталды.
Ошол эле учурда Өзбекстанга туруктуу жашоо үчүн келген чет элдиктердин саны 673тү түздү. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 37,7%га аз. Жаңы келгендер негизинен Ташкент шаарын жана Ташкент облусун жашоо үчүн тандашууда.