Ташкент, 11.08.25. /Кабар/. Өзбекстанда жогорку окуу жайларды бүтүргөн жаштарды жумушка жайгаштыруу үчүн жаңы механизм киргизилет, деп билдирет өлкө башчысынын басма сөз кызматы.
Президент Шавкат Мирзиёевдин төрагалыгы алдында өткөн жыйында белгиленгендей, наркы 1 млн доллардан жогору жана 50дөн ашык кызматкери бар ар бир ири долбоордун технико-экономикалык негиздемесинде адистерге болгон муктаждык милдеттүү түрдө көрсөтүлөт. Анын негизинде ЖОЖдорго максаттуу тапшырмалар берилет.
Студенттердин билими экинчи курстан тарта жыл сайын инвесторлор менен биргеликте бааланат, дипломдук иштердин темалары долбоорлордун милдеттерине ылайык аныкталат. ЖОЖдордун рейтинги бүтүрүүчүлөрдү ишке орноштуруу (40 баллга чейин), тармактык тапшырмаларды аткаруу жана илимий иштеп чыгууларды коммерциялаштыруу (30 баллга чейин), эл аралык басылмалардагы макалалар (20 баллга чейин) жана грант тартуу (10 баллга чейин) көрсөткүчтөрү боюнча түзүлөт.
Абитуриенттер үчүн мүмкүнчүлүк кеңейтилип, эгер талапкер тандалган беш ЖОЖго өтпөсө, бирок упайы башка окуу жайдагы бош орунга туура келсе, ал жерге контракттык негизде кабыл алына алат.
2025-жылдагы 92 миң бүтүрүүчүнүн ичинен 20 миңи магистратурада же экинчи адистикте окуйт, дагы 20 миңи Эмгек министрлиги аркылуу жумушка орношот, 10 миңдейи бизнес-инкубаторлор аркылуу ишкердик, маркетинг, дизайн жана IT тармактарында ишке тартылат.
Жаштар бизнесин өнүктүрүүгө 300 млн доллар бөлүнүп, бүтүрүүчүлөрдү жумушка алган ишканаларга жеңилдетилген кредиттер берилет. Жаңы система акыркы үч жылдагы бүтүрүүчүлөрдү да камтыйт.