Өзбекстанда сапатсыз товар тууралуу маалымат бергендерге сыйлык төлөнөт

Борбор Азия 27 август 2025 16:07
Өзбекстанда сапатсыз товар тууралуу маалымат бергендерге сыйлык төлөнөт

Ташкент, 27.08.25. /Кабар/. Эми Өзбекстанда жарандар сапатсыз же кооптуу товарларды билдирсе, материалдык сыйлык ала алышат. Бул сунуш "Рыноктук көзөмөл жөнүндө" жаңы мыйзам долбоорунда каралганын өлкөнүн Адилет министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Министрлер Кабинети мыйзам бузуулар тууралуу кабар бергендерге төлөмдөрдү төрт айдын ичинде бекитет. Мындан тышкары, сапатсыз продукциядан жабыркагандарга компенсация каралган: өлүм болгондо — толук чыгым, майыптыкта — жарым, ден соолукка башка зыян болсо — бештен бири.

Көзөмөл сатып алуулар, экспертизалар жана арыздарды текшерүү аркылуу жүргүзүлөт. Мыйзам кабыл алынса, ал 2026-жылдын 1-июлунан тарта күчүнө кирет.