Өзбекстанда милициянын ардагерлерин профилактикага тартуу пландалууда

Борбор Азия Загрузка... 23 Июль 2025 10:45
p_23_0.jpg
copyright icon WWW

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 23.07.25. /Кабар/. Өзбекстандын Ички иштер министрлиги көп жылдык тажрыйбасы бар ардагер милиция кызматкерлерин кооптуу махаллаларда укук бузуулардын алдын алуу иштерине тартуу боюнча жобо долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

Долбоордун максаты – коомдук тартипти чыңдоо жана тажрыйбалуу адистердин көмөгү менен укук бузуулардын алдын алуу иштерин күчөтүү.

Ардагерлер Ташкент жана Фергана облустарындагы кылмыштуулук жогору болгон аймактарда иштеши мүмкүн. Алар ыктыярдуу негизде, ачык сынактын негизинде тандалып алынат. Ар бир тандоо жылына жок дегенде бир жолу өткөрүлүп, кайсы махаллаларга канча киши керектиги жыл башында аныкталат.

Талапкерлер ички иштер органдарында кеминде 5 жыл иштеген, алдын алуу ишинде тажрыйбасы бар болушу керек. Соттуулугу бар, психикалык же физикалык мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар ишке алынбайт.

Ардагерлер менен келишим бир жылдык мөөнөткө түзүлөт жана алардын иши үчүн пенсиясына кошумча катары 100% өлчөмүндө акы төлөнөт. Төлөм иш аткарылганы тууралуу акттын негизинде жүргүзүлөт.