Оверчук: Кыргызстан ИДПнын өсүү темпи боюнча ЕАЭБде 1-орунга чыкты

Экономика Жүктөлүүдө... 06 Август 2026 13:50
IMG_5672.jpeg
IMG_5673.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_5672.jpeg
IMG_5673.jpeg
Алдыга
Артка

Диана Айдарова

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 06.08.26 /Кабар/. 2021-жылдан 2026-жылга чейинки аралыкта Кыргызстандын Ички дүң продукциясынын көлөмү 55,3 пайызга өсүп, Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн ичинен эң жогорку көрсөткүчтү камсыз кылды. Бул тууралуу болуп VIII Кыргыз-Россия экономикалык форумунун алкагында Россия өкмөтүнүн орун басары Алексей Оверчук билдирди.

Анын маалыматына ылайык, аталган жылдарда республикадагы өнөр жай тармагы 45,5 пайызга жогорулап, негизги капиталды каржылоо эки эсеге өскөн. Ошол эле учурда Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен соода мамилеси 2,4 эсеге жогорулап, 5,9 млрд долларды түздү. Азыркы учурда өлкөнүн тышкы соода саттыгынын 27,1 пайызы Россиянын үлүшүнө туура келет.

”Өз ара соода-сатыктын өсүү динамикасы сакталууда: 2026-жылдын алгачкы 5 айында товар жүгүртүүнүн көлөмү төрттөн бирине — 25,5 пайызга өсүп, 2,3 млрд долларга жетти. Кыргызстандын биримдиктин алкагындагы интеграциялык процесстерге жигердүү катышуусу кызматташтыкты чыңдоого жана жаңы демилгелерди ишке ашырууга бекем негиз болууда”, — деп белгиледи Алексей Оверчук.