Остеохондроз оорусун алдын алуу жана дарылоо. Дарыгердин кеңеши

Ден соолук Загрузка... 20 Август 2025 13:22
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Омуртка тутумунун остеохондрозу — омурткалардын жана омуртка аралык дисктердин өзгөрүүлөрүнөн турган өнөкөт оору. Бул ирет биз остеохондроздун пайда болушу жана алдын алуу жолдору тууралуу кеп кылып, дарыгердин пайдалуу кеңештерин сунуштайбыз.

Остеохондроздун себептери

Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнүн дарыгери Дариха Бакаева “Кабар” маалымат агенттигине билдиргендей, остеохондроз оорусу омуртканын тегерегинде кан айлануу жана зат алмашуу бузулганда пайда болот. Грек тилининен алынган остео сөзү – сөөк, хондро кемирчек дегенди түшүндүрөт. Бул өнөкөт оору кемирчек борпоң болуп, жарака кеткенден келип чыгат. Ушул эки себеп остеохондрозго алып келет. Улам жаш өткөн сайын оору өрчүй берет. Анын натыйжасында омуртканын ийилчээктиги жана кыймылы төмөндөйт. Бул оору муундарда көп кездешет. Ошондой эле кыймыл-аракеттин аздыгы да бул ооруну чакырат. Кальций, фосфор, магний өңдүү микроэлементтер жана кыймыл-аракет азайганда зат алмашуу бузулуп, сөөк борпоң боло баштайт. Анан бул остеопорозго да алып келет.

WhatsApp Image 2025-08-20 at 11.50.59 (4).jpeg

Ооруга кимдер көп чалдыгат?

Жаш өткөн сайын кан айлануу, зат алмашуу бузулгандыктан, бул оору пайда болушу мүмкүн. Ошол эле маалда кыймылсыз жашоо образындагы адамдар, мисалы, кеңседе иштегендер бул ооруга көбүрөөк кабылууда. Жаштар спорт менен машыкпаса, туура эмес тамактанса кемирчек ийилчээк болбой, жарака кетип, остеохондроз батырак өрчүйт. Кеңседе иштегендер ар бир 30-40 мүнөт сайын атайын көнүгүүлөрдү жасап туруусу керек. Балдар да кыймылда болбой, телефон, компьютерде көпкө отурса, сколиоз оорусуна чалдыгышы ыктымал. Ошондуктан Дариха Бакаева адам дайыма кыймылда болушу зарыл деп эсептейт. Чыңалган булчуң омуртка тутумун бекем кармап, остеохондрозду алдын алууга жардам берет.

WhatsApp Image 2025-08-20 at 11.50.59.jpeg

Остеохондрозго кабылбаш үчүн дарыгердин кеп-кеңеши

Дариха Бакаеванын айтымында, остеохондрозго кабылбаш үчүн алдын алуу чараларына маани берүү зарыл. Биринчиден, адам кыймыл-аракетине көңүл буруусу кажет. Туура көнүгүүлөрдү жасап туруу керек. Бирок омуртка тутумуна күч келтире турган көнүгүүлөрдү жасабаш керек. Экинчиден, туура тамактануу зарыл. Рациондо микроэлементтерди камтыган азыктар жетиштүү болушу кажет. Ошол эле маалда ашыкча салмак кошпоого аракет жасаңыз. Анткени ашыкча салмак сөөк жана муундарга күч келтирет.

WhatsApp Image 2025-08-20 at 11.50.59 (2).jpeg

Остеохондроз менен жабыркагандар эмне кылуу керек?

Дарыгердин пикиринде, остеохондроз менен жабыркаган адамдар да көнүгүүлөрдү калтырбай жасап, тамак рационуна маани бериши зарыл, туура бут кийим кийүүсү керек. Эгерде оору басылбаса, ооруканага жатып дарылануу керек болот. Мында алгач бейтаптардагы кан айлануу, зат алмашуу жакшыртылып, оору басаңдатылат. Ошондой эле санаторий-курорттук дарылануу да сунушталат. Дары-дармектер жардам бербей калган учурларда нейрохирургдарга жөнөтүлөт. Анткени айрым учурларда операция да жасалып калат.