Бишкек, 14.08.26. /Кабар/ Бишкек шаарынын Осмонкулов көчөсүндөгү капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу жол, тротуар, люк жана арыктардын курулушу боюнча жарандан кайрылуу келип түшкөн.
Кайрылууга байланыштуу Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти комментарий берди.
Маалыматка ылайык, аталган объектте узундугу 1370 метр болгон тилкедеги иштер учурда аяктоо стадиясында. Объект расмий кабыл алына элек. Капиталдык оңдоо иштери "Технотоп" ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, жол боюндагы люкту кайра жасоо талабы подрядчы компанияга буга чейин коюлган. Департамент тарабынан аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча подрядчыга эскертүүлөр берилген.
Ал эми арыктар долбоордук чечимдерге ылайык жасалып, айрым жерлерде суунун өтүшүн камсыз кылуу үчүн жер алдынан түтүктөр орнотулган.
Кемчиликтер толук жоюлуп, бардык талаптар аткарылгандан кийин объектти белгиленген тартипте расмий кабыл алуу маселеси каралат.