Эгерде эс-тутум өчсө, анда ошол эл өзүнүн ким экенин унутат. А өзүнүн тегин жана өтмүшүн унуткан адам – тамак жегенден башканы билбеген бир макулукка айланат. Мына ушул ой менен өмүр сүрүп, өтмүшүбүз бай деп коңгуроо каккан, тарыхын оо бир замандарда бадырайта ташка жазган, ал тургай кыргыздын изи эки-үч миң жылга барып такалат деп айланасындагыларга талбай айткан тарыхчы Осмонаалы Сыдык (Кыдык) уулу!
* * *
Элим тегиз кат таанысын, дүйнө коомчулугу эмне болуп жатканын аңдасын, балдарыбыз билимге умтулсун деген кыргыздын туңгуч жазма тарыхчысы Осмонаалы Сыдык уулу бардык күч-кубатын улуттук эс-тутумду кагаз бетине түшүрүүгө арнап өттү. Ал, атпай кыргыз журтум деп улутунун улуугунун жүрөгүнө бекем түнөткөн өз замананынын билимдүү жана намыскөй эр азаматы.
* * *
Так маалыматтар боюнча, Осмонаалынын атасы Сыдык эмес, Кыдык.
Тилекке каршы, ал мезгилдерде документтерге Кыдык дебей Сыдык уулу Осмонаалы деп жазылып калган. Анан аргасыз ошол бойдон тарыхчынын ысымы биздин кулагыбызга Сыдык уулу Осмонаалы деген бойдон сиңип калды.
* * *
Анын өмүр жолу жөнөкөй бир баян эмес. Анын баскан жолу бүтүндөй бир доордун трагедиясы жана кайра жаралуусу.
Осмонаалы 1875-жылы Кочкор өрөөнүндөгү Кызыл-Дөбө айылында жарыкка келген. Кичинесинде эле энеси каза болуп калып, Осмонаалы чоң атасынын колунда тарбияланат. Ата-теги бардар адамдардан болгондуктан Осмонаалы алгач аталаш агасы Канат молдодон арип тааныйт. Бир аз жылдар өткөн соң билимимди дагы тереңдетем деп чоң максат койгон Осмонаалы Токмокко барып, айтылуу Молдо Шакирден сабак алат. Андан кийин Бухарага жетип медреседе окуйт. Мына ошол Бухарада жүргөн чагында тектеш өзбек, казак, түркмөн улутундагы теңтуш курбалдаштарынын “кыргыз деген элдин тарыхы барбы, өз элиңердин тарыхын билбейсиңерби, кыргыз – кырк кыздан тараган!” – деген өңдүү мазактоолоруна жаны кашайган намыскөй жана чындыкты бетке айткан өжөр мүнөз Осмонаалыны катуу ардантат. Андай сааттарда Осмонаалы өзү менен чогуу окуган теңтуштарынын кээде кемсинте сүйлөп, кыжырына тийген учурунда мурдун канжалата коюп, мушташкан күндөрү арбын болгон. Экинчи бөлөк улуттардын бизди “кыргыз – кырк кыздан” тараган деген шылдыңын жокко чыгарам деген болочоктогу тарыхчы тамырыбыз өтө тереңде экенин далилдейм деп, эми бүткүл өмүрүн тарыхка арноого бел байлаган.
Бул үчүн ал белес-белес белди ашты. Ашуусу бийик жолдорду арбытып, алыскы өлкөлөрдү аралады. Тарыхый так маалыматтар жок болсо да, Осмонаалы Сыдык уулунун кызы Бүбүштүн айтымына караганда, атасы аалым болом, тарыхты казам деп Аравия, Пакистан, Түркияга чейин барган.
Акыры жүрүп олтуруп Башкириянын борбору Уфа шаарындагы медреседе билимин тереңдетет. Так ошол кездерде бир топ жылдык эмгегин жарыкка чыгарууну туура көрүп, Уфа шаарынан 1913-жылы “Мухтасар тарыхи Кыргызия”, 1914-жылы “Тарыхи кыргыз Шадмания” аттуу эки китебин жарыкка чыгарат. Мына ушул аттары аталган китептердин арасынан жумурай журтка кеңири белгилүүсү, экинчи китептин ичиндеги “Шабдан казалы”.
Көрүнүктүү тилчи Кусейин Карасаев Осмонаалы Сыдык уулунун китептери туурасында: “Эки чыгармасында тең кыргыз урууларынын келип чыгышына байланышкан уникалдуу маалыматтар кездешет” – деген жогору баасын берген.
Китептери жарыкка чыккан Осмонаалы кубанычы койнуна батпай, аларды төөгө жүктөп өз жергесине кайтат. Элди агартуучулукка үндөп, бир топ аймактарды кыдырып арип таанытат.
Көп өтпөй Совет өкмөтү орнойт. Мында да Осмонаалы Чүй аймагында мектептерде балдарга билим бере баштайт. Сталиндик заманда Осмонаалыга карата курулай жалаа жабылып, бай-манапчыл деген айып коюлуп, абакка айдалат. 1930-жылы Ташкент шаарына абакка айдалып бараткан мезгилде амал таап, качып кутулуп кетет. Бирок кайрадан калкын аралап, агартуу тармагына салымымды кошом деген Осмонаалыны экинчи ирет колго түшүрүп, абакка айдаарда жанын сактоо максатында аргасыздан эки милиция кызматкерин өлтүрүп, Ош тарапка качууга мажбур болот. Ал жакта жүргөндө Жаныбек казынын жигиттери туткундап, өлтүргөнгө аракет кылышат. Ошол мезгилде Жаныбек казы алдында турган адам – болгондо да кыргыз тарыхын издеп кыйырларды кезгенин, элди агартуучулукка үндөгөнүн түшүнгөн соң өзү чоң көмөк көрсөтүп, Кытайга качырып жиберет.
* * *
Ооба, Осмонаалынын өмүрү – калем менен кылыч мизинде өттү. Тоталитардык системанын курмандыгына айланган Осмонаалы эл-жерден безди. Ал ортодо жан сактоо аргасын кылып адам канына да забын болду. Ушул кадамы үчүн ал кийин орустан жанымды аман сактап калам деп кыйыр кезип, Кытай жергесинде калган өмүрүн өткөрүүгө туура келди.
1930-жылы 1932-жылга чейин Кашкар шаарында баш калкалап, анан бир нече күн бою ажал менен алпурушуп тик жалама ашуу ашып олтуруп, арып-ачып акыры Кулжага жетет. Жалгыздыгы жанына баткан Осмонаалы бул жакта калган алган жары Алтынай менен балдарын эстеп катуу мөгдөйт. Маңдайына ушундай оор тагдыр жазылса да кайратын бойго жыйып, алдыда канча жылдык өмүр калды кайдан билсин, айтор алтымыш жашка кадам таштарда көңүлүнө бүчүр байлап, 1935-жылы Гүлбарага үйлөнөт. Экөө Анварбек аттуу уулдуу, Бүбүш аттуу кыздуу болушуп, ошентип көңүл дартын сакайтат...
Бирок аттиң, далай ирет турмуштун соккусуна кабылып, далай ирет мөгдөгөн Осмонаалы 1942-жылы катуу ооруп, төшөккө жатып калат. Акыйкат деп азап жеген, беттегенин бербеген Осмонаалы Кытай жергесиндеги аны таанып-билгендердин бардыгынын эсинде билимдүү, жанда жок мээнеткеч, адам кадырын ардактаган жапакеч, ошол эле маалда курчтугунан тайбаган бетке чабар мүнөзү менен эл эсинде түбөлүккө калат.
* * *
Ким билет, дал ошол ооз ачып кепке келгенге дарманы жетпей жаткан Осмонаалы, үстүнө үйрүлүп түшкөн өмүрлүк жарынын кирпиги ылдый салаалап аккан жашын аарчыганга колдорунун каруусу жетпей, алсыз алдыга сунулуп, жапжаш туруп бир уул, бир кыз менен жесир калып жатканын аяп каңырыгы түтөгөндүр да, дал ошол саам кулагына күркүрөп аккан Сөөк суусунун дабышы жаңыргандыр!?
Ажал аңдып турган саатта өзүн тегеректеп олтурушкан Кытай кыргыздарынын, алардын арасында сарбагыш урууларынан барган манаптардын жана өзү тарбиялап өстүргөн шакирттеринин кеби кулагына угулбай, же өңдөрү көзгө көрүнбөй мунарыктап, арманы ичине толгондур!?
Анан бир аз убакыттан кийин, бир жылдан бери жанын кыйнаган кеселден дайын жок, жаны жыргап, көңүлү куунак тарта түшүп, көзүнө бир кезги бала чагы, анан качан билим алам деп Бухараны көздөй жөнөгөнү, Бухарада жүргөндө чогуу билим алып жатышкан теңтуш балдары эрмектешип, өзүнөн: "Ата-тегиң ким?" — деп сурай калганда: — Кыргызмын! — деп көкүрөк толо сыймык менен айланасын жаңырта кыйкырганын, дал ошол кыргызмын деген сөздүн өзүндө кандай оор салмак жатканын, эми анын өзүн ырастоо үчүн мойнуна тоодой жүк жүктөлгөнүн, андан аркы өмүрү жалаң жол кезмей, үй-жайдан безип жылдар бою чырак алдында кагазга үңүлмөй, кокус кыргыз деген сөздү башка бир китептерден кезиктирип калса кудуңдап сүйүнүп, алтын тапкандай көңүлү өрөпкүгөн мүнөттөрүн эстегендир...
Дал ошол үчүн Осмонаалы көптөгөн жылдык эмгегинин тыянагын чыгарам деп, китебинин баш сөзүнө: Колума калем алдым, тарыхты жазмак үчүн, Туугандарымды курдаштарым билсин үчүн. Бул тарых жазылды кыргыз үчүн, кыргызды кыйла калктар билсин үчүн, — деп жазганын, андан ары карай:
“Биз бул китепти кыргыз туугандарга кызмат үчүн жана кийинки урпактарга мурас болуп калсын үчүн жаздык. Биздин кыргызда тарых жазуучу адам жок болгондуктан, "кыргыз кырк кыздан таралган" деген Шах-и Мансурдун бир нече акылга сыйбаган жомоктору келтирилген. Мындан башка жалган сөздөр да жаныма батып, 15 жылдан бери аңтарып-теңтерип 200 миң кыргыздын ата-бабаларын тактап, сүрүштүрүп, тээ Адам алейкиссаламга жеткиздим. Кыргыз — Өгүз хандын жыйырма төрт небересинин бири. Кыргыз Мухаммед пайгамбардан 3400 жыл мурун дүйнөгө келген!” — деп баяндап жазганын эстей калып, ууртун жылмаюу аралагандыр.
Анан акыр соңу арманы толуп чыккан неме: "Бардыгынан да ак калпак кыргыз элин аралап, Ала-Тоо койнунда күн кечирбей, өзгө элде жүргөнүмдү карачы? Эң өкүнүчтүүсү — эр кишинин бөтөн жерде сөөгү калганы анык арман экен, аттиң! Кар жатпас кара Кочкорумдун касиеттүү Кызыл-Дөбөсүн бир көрүп, анан үзүлсөм не... Мен бала күндөн адыры менен беткейин аралап, Сөөк менен Каракол суусун бойлогон учур эми кайдан? Кош, элим! Тууган жердин топурагын жамынбастан, минтип сөөгүм бөтөн жерде калганы жатканы каңырыкты түтөтөт..." — деп, анан өкүтү ичине батпай бу өмүрдөн үзүлгөндүр!?
Маалымат: Кыргыз дегенде жалындап күйүп, намысы көкүрөк тиреген тарыхчы Осмонаалы Сыдык уулу тууралуу маалыматтар эң алгач советтик империянын тамырына доо кетип жаткан “кайра куруу” жана “ачык-айкындуулук” мезгилинде, тагырагы, 1980-жылдардын соңку ченинде гана кыргыз басма сөз беттеринен орун ала баштады. Эсимде, оболу улуу тарыхчынын эмгеги менен бардыгыбыз жазуучу Кеңеш Жусупов жетектеген “Ала-Тоо” журналынан таанышканбыз.
Осмонаалы Сыдык уулунун китеби оболу кытайлык кыргыз тарыхчысы Анвар Байтурдун редакторлугу астында 1986-жылы Үрүмчүдө китеп болуп басылып чыккан. Муну менен катар азаптуу тагдыр менен акыйкатка ээ боло албай келген чыгаан инсандын ысымын даңазалоо иштерине кыргыз тарыхчылары Арслан Койчиев, Мурат Кожобеков, Тынчтыкбек Чоротегин жана Кыяс Молдокасымов бир топ күч жумшашты. Бул жакта калган Осмонаалы Сыдык уулунун кызы Шарипа Сыдыкова да атасынын эмгегин 2008-жылы элге тартуулады.
Өзгөчө Осмонаалы Сыдык уулунун кызы Бүбүш апа атасынын эмгектерин кайрадан калкка тартуулоого опол тоодой эмгек сиңирди. Бүбүш апа Кытай Эл Республикасында тарбияланып, араб ариби менен билим алып чыккан. Ал 1955-жылы апасы жана агасы менен Кыргызстанга кайтып келген.
Советтик доордо атасынын атын айтуудан жазганып, акыйкатты далай жылдар бою күтүштү. Акыры сталиндик зулум замандын курмандыгына кабылгандар акталып, эмгектери элге кайтканда, Бүбүш апа да атасынын кол жазмалары менен алек болуп, аларды жамы журтка жарыялоо иштерине активдүү аралашты.
Бүбүш апа Көл өрөөнүндө өмүр кечирген. Ал кыргыз аялзатынын арасынан чыккан жападан жалгыз санжырачы эле. Бүбүш апа менен мен үч-төрт ирет кездешип калдым. Ар бир жолку жолугушууда ал атасынын атын сыймыктана айтып: — Жакынкы аралыкта шарт-жагдайы жаралса, сен экөөбүз Кытайга барып, атамдын иштеген жерлерин көрүп, аны билген адамдарга жолугуп, даректүү тасма даярдайбыз! — деп тилек кылчу.
Өкүнүчтүү... Осмонаалы кызы Бүбүш апабыз калкты жапырт каптаган коронавирус маалында, 2020-жылдын 22-июлунда каза болуп калды...