Оштун Төлөйкөн айылында спорт зал ачылды

Аймак Загрузка... 09 Сентябрь 2025 18:00
5285.png

Бишкек, 09.09.25. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарындагы Төлөйкөн айылында оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн спорт зал ачылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, айыл эли жана спортчулар катышты.

Ушул жылдын июль айында башталган курулуш иши 2 ай ичинде аяктап, пайдаланууга берилди. Жалпы аянты 540 м2.

Эскерте кетсек, бул спорт залды Жеңишбек Токторбаев рейд учурунда көрүп, тез арада капиталдык ремонттон өткөрүүнү тапшырган. Каралбай калган аянтча калаа башчысынын тапшырмасына ылайык заманбап шартта курулду. Ошондой эле ажатканасы да оңдолду.