Оштун мэри Орус үйүнүн жетекчисин кабыл алды

Коом 31 август 2025 16:10
IMG_5723.jpeg
IMG_5724.jpeg
IMG_5725.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_5723.jpeg
IMG_5724.jpeg
IMG_5725.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 31.08.25. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн Кыргызстандагы Орус кызматташтыгынын өкүлү, Бишкектеги Орус үйүнүн жетекчиси Зульхарнеев Альбертти кабыл алды.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, шаар мэри эки тараптуу кызматташтыктын алкагында Ош шаарынын мэриясынын жаш адистери Россия Федерациясында өткөрүлгөн иш-чараларга катышып, эл аралык тажрыйба алмашууга түзүлүп жаткан салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

“Эки тарап мындан ары да тажрыйба алмашуу, жогорку окуу жайларына кабыл алуу, ар тараптуу көмөк көрсөтүү багыттарында пикир алышты”,-деп айтылат маалыматта.