Оштун мэри: Курулуш компаниялары бузган жолдорун жасашсын

Аймак 08 Сентябрь 2025 09:20
545520974_1121040646881498_8624986351079828867_n.jpg
545272654_1121040713548158_4185330679850399369_n.jpg
544866517_1121040333548196_600756825633956136_n.jpg
Алдыга
Артка
545520974_1121040646881498_8624986351079828867_n.jpg
545272654_1121040713548158_4185330679850399369_n.jpg
544866517_1121040333548196_600756825633956136_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 08.09.25. /Кабар/. Курулуш компаниялары бузган жолдорун оңдошу керек. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев рейддик кыдыруу учурунда билдирди.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, күн мурун калаа башчысы Курманжан датка көчөсүндө рейддик кыдыруу учурунда көп кабаттуу үйлөрдү куруп жаткан бир катар курулуш компаниялары айланасындагы бузган жолдорун оңдоп, асфальт төшөп берүү боюнча ээлери менен сүйлөшүүнү тапшырды.

Анткени алар курулуш иштерин жүргүзүүдө коммуникациялык тутумдарды алып өтүүдө, курулуш калдыктарын оор жүк ташуучу унаалары менен ташып чыгууда жолду бузуп талкалашкан.

Мындан улам, пайда таап, жалпы элдин жолун пайдаланып жаткан соң бузуп таштап койбой, оңдоп берүүгө милдеттүү экенин мэр эскертти.

Белгиленгендей, учурда бир гана “Аманат сити” курулуш компаниясы өз эсебинен көп кабаттуу үйдүн курулушун жүргүзүп жаткан жердеги Грибоедов көчөсүн толук өз эсебинен жасап жатат.

"Асранкулов көчөсүндөгү “Эко Хаус, Лермонтов көчөсүндөгү “Сулайман Групп”, Алымкулов көчөсүндөгү “Модерн Стиль” жана “Байкал” курулуш компаниялары бир топ көп кабаттуу турак жайларды куруп жатышат. Алар да бузган жолдорун жасап бериши керек",-деди Токторбаев.