Оштун мэри көмүр базаларын шаардын сырына көчүрүүнү тапшырды

Аймак 10 Сентябрь 2025 11:15
546620129_1123254213326808_2487864241451100178_n.jpg
545604169_1123254243326805_4427909238261817115_n.jpg
546614318_1123254419993454_3564015367976468453_n.jpg
546398741_1123254236660139_2079157779805353917_n.jpg
545532601_1123254379993458_1525397496679571964_n.jpg
545512476_1123254329993463_8562283843819452626_n.jpg
545507504_1123254093326820_2962074250933485567_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ош шаардык мэриясы

Бишкек, 10.09.25. /Кабар/. Оштун мэри көмүр базаларын шаардан сыртка көчүрүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, эртең мененки рейддик кыдыруунун алкагында Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Раззаков көчөсүндө жайгашкан көмүр базаларга күтүүсүз текшерүү жүргүгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө мэр көмүрдүн калдыктары майдаланып, чаңга айланып жатканын жана чоң жүк ташуучу унаалар аркылуу бул чаң шаардын ичине, айрыкча жаңы асфальт төшөлгөн жолдорго чачылып, булгап жатканын белгиледи. Анын айтымында, мындай көрүнүш экологияга жана шаар инфраструктурасына терс таасирин тийгизүүдө.

Мэр көмүр базаларынын шаар ичинен сырткы аймактарга көчүрүлүшү керектигин айтып, базалардын ээлерине расмий эскертүү берди. Ошондой эле, бул маселени чечүү үчүн тиешелүү шаардык кызматтарга тапшырма жүктөлдү.

Эске салсак, көмүр базаларынан жай мезгилинде чаң көтөрүлүп, кышында ылай жана кир шаар жолдорун булгап жатканы боюнча шаар тургундары да буга чейин нааразычылыктарын билдирип келишкен.