Бишкек, 20.07.26. /Кабар/. Ош шаарында Г.Айтиев көчөсү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, расмий түрдө пайдаланууга берилди.
Мэриядан билдиришкендей, көчөнүн Ш.Руставели көчөсүнөн Алымбек датка көчөсүнө чейинки бөлүгү жаңыланды.
"Жалпы узундугу 1305 метр, туурасы 24 метр болгон жолго калыңдыгы 12 сантиметр жаңы асфальт-бетон катмары төшөлдү. Ошондой эле көчөнүн эки тарабына жалпы узундугу 3400 метр жаңы тротуарлар курулуп, ирригациялык лотоктор орнотулуп, заманбап жол чиймелери түшүрүлүп, жол белгилери жаңыртылды", - деп айтылат маалыматта.
Капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин көчө заманбап талаптарга ылайык толугу менен жаңыланып, унаа жана жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуз, ыңгайлуу жүрүүсү үчүн бардык шарттар түзүлдү.