Оштун Кең-Сай массивиндеги 600 га жерди суугаруу жакшырды

Аймак 16 Сентябрь 2025 09:05
FB_IMG_1757991530347.jpg
FB_IMG_1757990885054.jpg
FB_IMG_1757990862830.jpg
FB_IMG_1757990855350.jpg
FB_IMG_1757990843798.jpg
FB_IMG_1757990840161.jpg
FB_IMG_1757990834897.jpg
Алдыга
Артка
FB_IMG_1757991530347.jpg
FB_IMG_1757990885054.jpg
FB_IMG_1757990862830.jpg
FB_IMG_1757990855350.jpg
FB_IMG_1757990843798.jpg
FB_IMG_1757990840161.jpg
FB_IMG_1757990834897.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 16.09.25. /Кабар/. 15 жылдан бери иштебей турган Кең-Сай массивиндеги сугат суу чыгаруучу насостук станция оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.

Станцияны мэр Жеңишбек Токторбаев ачып, жергиликтүү жашоочулар менен жолугушту.

Бул иш мэрдин тапшырмасы менен жүргүзүлүп, бир ай ичинде оңдолуп бүттү. Станциянын тетиктери жаңысына алмаштырылып, жарактуулары оңдоп түзөөдөн өткөрүлдү.

Эми Кең-Сайлыктардын сугат суу маселеси чечилип, жаңы конуштагы жалпы 600 гектардан ашуун жерге суу бөлүштүрүлүп, жеткирилет.

Эске салсак, Ош шаарынын 3000 тургуну үчүн Кең-Сайдан 800 гектар жер тилкеси турак-жай курууга мындан 15 жыл мурун бөлүнгөн. Бирок зарыл шарттардын жоктугунан улам калктын көчүп келиши кечеңдеп келген. Эми мэр Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык Кең-Сай массивин жашоого ыңгайлаштырылып, сугат жана ичүүчү суу тартылып, электр подстанциясы оңдолуп, маселелер четинен чечилүүдө.