Ошто муниципалдык кызматкерлерге ипотекалык батирлер курулууда

Аймак 18 Декабрь 2025 15:00
2388907.7b7df81564ed2ab3f4aa89d4817a5f78.jpg
Снимок экрана 2025-12-18 152434.png
Алдыга
Артка
2388907.7b7df81564ed2ab3f4aa89d4817a5f78.jpg
Снимок экрана 2025-12-18 152434.png
Алдыга
Артка
copyright icon www

Бишкек, 18.12.25. /Кабар/. Ош шаарынын Кең-Сай конушунда муниципалдык ипотекалык ишкана тарабынан 5 кабаттуу турак жай курулуп жатат.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, мындагы батирлер “Ош-Тазалык” жана “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканаларынын кызматкерлерине аз пайыз менен, узак мөөнөткө ипотекалык шартта берилет.

"Мындан тышкары, аталган конушта Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан да көп кабаттуу турак жайларды куруу иштери башталды",-деп айтылат маалыматта.