Оштун Касымбеков көчөсүндө жашыл аймактар түзүлүп, тротуарлар курулат

Аймак Загрузка... 17 Март 2025 09:34
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 17.03.25. /Кабар/. Ош шаарынын Ж.Касымбеков көчөсүндө жашыл аймактар түзүлүп, тротуарлар курулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Бүгүн таң эрте Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен бирге Ж.Касымбеков жана "Достук" чек ара бекетине кеткен Кулигов көчөлөрүнүн абалын текшерди.

Рейд учурунда шаар башчысы тиешелүү кызматтарга аталган көчөлөрдүн сырткы көрүнүшүн оңдоо, иретке келтирүү, аны менен бирге жашыл аймактарды түзүү, кызыл сызыктан чыккан курулуштарды бузуу, тротуарларды куруу, санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча тапшырмаларды берди.

Ошондой эле Барсбек каган жана Манас айланма жолундагы инсталяцияларын тазалоо, боёо жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.