Ош шаарынын мэри оруктун ардагеринен кабар алды

Аймак 08 Май 2025 15:00
495291243_1028370659481831_6186281032892075008_n.jpg
491277027_1028371552815075_5530965551149537456_n.jpg
494997442_1028371542815076_5054926920609381562_n.jpg
495359609_1028370656148498_8204397252985696575_n.jpg
495511251_1028370772815153_3422522391749982113_n.jpg
495540973_1028370652815165_6406181837347573600_n.jpg
495593703_1028370662815164_2067688872040281267_n.jpg
495852027_1028370776148486_2445346376743907971_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 08.05.25. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, орук ардагери 97 жаштагы Тажикан Мадимаровадан кабар алып, Жеңиштин 80 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Калаа башчысы кыйын күндөрдү башынан кечирип, бүгүнкү тынч жашоого салымын кошкон ардагерлер майрам күндөрү эле эмес, ар дайым көңүл борборунда экенин айтып, ардагерге ден соолук каалады. Ошондой эле акчалай сыйлык менен белектерин тапшырды.

Тажикан Мадимарова 1928-жылдын 26-январында төрөлгөн. Улуу Ата Мекендик согуш маалында тылда эмгектенип, “1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы талыкпаган эмгеги үчүн” медалы жана бир нече юбилейдик медалдар менен сыйланган.

Согуш жылдарында жана андан кийин “Кызыл Пахтачы” колхозунда эмгектенген. Ардагердин 10 баласы, 37 небереси, 70 чөбүрөсү жана 2 кыбырасы бар.