Ош шаары россиялык куруучулар уюму менен кызматташтыкты өнүктүрөт

Аймак 09 Апрель 2025 09:00
FB_IMG_1744167053180.jpg
FB_IMG_1744167050291.jpg
FB_IMG_1744167047607.jpg
FB_IMG_1744167045388.jpg
Алдыга
Артка
FB_IMG_1744167053180.jpg
FB_IMG_1744167050291.jpg
FB_IMG_1744167047607.jpg
FB_IMG_1744167045388.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 09.04.25. /Кабар/. Күн мурун Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Россиянын тармактар аралык "Российский союз строителей" уюмунун өкүлдөрү менен жолугушту.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушууга аталган уюмдун инвестициялык ишмердүүлүк боюнча комитетинин төрагасы Руслан Шатохин баштаган делегация катышып, коммуналдык чарба жаатында кызматташуу, анын ичинде Ош шаарына электр автобустарын жеткирүү, түнкү жарыктандыруу системаларын модернизациялоо, ошондой эле электр тармактарынын зымдарын жер астынан туташтыруу маселелери талкууланды.

Соңунда тараптар белгиленген багыттар боюнча эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча макулдашышты.