Оштун эки жаңы конушунда жаңы поликлиника курулат

Аймак Загрузка... 04 Июнь 2026 17:40
WhatsApp_Image_2025-02-25_at__PWXOePQ.max-1920x1080.format-webp.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 04.06.26. /Кабар/. Ош шаарынын эки жаңы конушунда жаңы поликлиника курулат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн мэрия менен "Аракет" долбоорунун ортосунда Алай-1 жана Алай-2 жаңы конуштарында поликлиника куруу боюнча келишимге кол коюлду.

Бул демилге жергиликтүү тургундардын сунуштарынын негизинде көтөрүлүп, Швейцария Өкмөтү каржылаган "Аракет" долбоорунун чакан гранттар механизми аркылуу ишке ашырылат. Жаңы медициналык мекеме конуштардагы миңдеген тургундар үчүн сапаттуу алгачкы медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздайт.

Маалымат үчүн: "Аракет" долбоору Бишкек жана Ош шаарларындагы жаңы конуштардын социалдык-экономикалык абалын жана муниципалдык кызматтардын сапатын жакшыртууга багытталган.