Оштун дизайн-коду жаңыланууда. Сүрөттөр - мурда жана кийин

Аймак 09 Сентябрь 2025 10:40
WhatsApp_Image_nZXOZ9D.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_jbH3Hm5.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_wVchZFc.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_afpjCYg.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_ORzdXMm.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

copyright icon www

Бишкек, 09.09.25. /Кабар/. Ош шаарында бекитилген долбоордук кодекстин негизинде иштер жүргүзүлүп жатканын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын Ош облустук башкармалыгы билдирди.

Тактап айтканда, А.Масалиев, Мамыров, Монуев, Асранкулов жана башка бир катар көчөлөр иретке келтирилди. Кошумчалай кетсек, шаарга кирүү аймагында кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук» өткөрүү пунктунан тарта объектилердин сырткы көрүнүшү жаңыртылган. Бул өзгөртүүлөр шаар тургундарынын жашоо сапатын жакшыртууга, ыңгайлуу жана эстетикалык жактан жагымдуу шаардык чөйрөнү түзүүгө багытталган.

Эске сала кетсек, Ош шаардык кеңеши 2024-жылдын 10-сентябрында имараттардын жана курулмалардын фасадынын сырткы көрүнүшүнө карата талаптарды, ошондой эле жарнак конструкцияларын жайгаштыруу жана эксплуатациялоо эрежелерин бекиткен токтом кабыл алган.