Оштун борбордук аянтында өткөн айт намазына 15 миңден ашык адам катышты

Аймак 27 Май 2026 09:45
IMG_3374.jpeg
IMG_3370.jpeg
IMG_3371.jpeg
IMG_3373.jpeg
IMG_3372.jpeg
IMG_3375.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_3374.jpeg
IMG_3370.jpeg
IMG_3371.jpeg
IMG_3373.jpeg
IMG_3372.jpeg
IMG_3375.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 27.05.26. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын Борбордук аянтында Курман айт майрамына карата айт намазы окулду.

Шаардык мэриянын билдирүүсүнө ылайык, быйыл Борбордук аянттагы майрамдык намазга катышкандардын саны 15 миңден ашты.

Айт намазга шаар мэри Жанарбек Акаев катышып, калаа тургундарын жана конокторун майрамы менен куттуктады.

Ал өз сөзүндө Курман айттын коомдогу өз ара түшүнүшүүнү, кайрымдуулукту жана ынтымакты чыңдоодогу ордун баса белгилеп, ар бир үй-бүлөгө береке, ал эми өлкөгө туруктуулук менен өсүп-өнүгүү каалады.