Оштун Башкы планын иштеп чыгууга JICA эксперттери көмөктөшөт

Аймак 28 Февраль 2026 11:52
FB_IMG_1772257220129.jpg
FB_IMG_1772257206266.jpg
FB_IMG_1772257210700.jpg
FB_IMG_1772257213470.jpg
FB_IMG_1772257215328.jpg
FB_IMG_1772257228018.jpg
Алдыга
Артка
FB_IMG_1772257220129.jpg
FB_IMG_1772257206266.jpg
FB_IMG_1772257210700.jpg
FB_IMG_1772257213470.jpg
FB_IMG_1772257215328.jpg
FB_IMG_1772257228018.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 28.02.26. /Кабар/. Ош шаарынын Башкы планын иштеп чыгууда Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) техникалык жана эксперттик колдоо көрсөтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, күн мурун мэрдин орун басары Шумкарбек Пайзиев JICAнын Кыргызстандагы өкүлдөрү Алелекова Светлана жана Матсумото Дайки менен жолугушту.

Анда тараптар Ош шаарынын Башкы планын иштеп чыгууга багытталган долбоорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгышты. Атап айтканда, JICA тарабынан аналитикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү, техникалык колдоо көрсөтүү жана эксперттик кеңештерди берүү жолдору талкууланды.

Пайзиев Башкы план шаардын келечеги үчүн стратегиялык мааниге ээ экендигин белгиледи. Анын айтымында, калаанын инфраструктурасын жакшыртууда жана шаар куруу тармагында эл аралык алдыңкы тажрыйбаларды, заманбап ыкмаларды колдонуу артыкчылыктуу багыт болуп саналат.

Эскерте кетсек, тараптар алдыдагы кызматташуунун конкреттүү кадамдарын дагы бир ирет тактап алууну макулдашты.