Оштун Башкы планын иштеп чыгууга JICA эксперттери көмөктөшөт

Аймак 1 февраль 2026 11:50
FB_IMG_1772257220129.jpg
FB_IMG_1772257206266.jpg
FB_IMG_1772257210700.jpg
FB_IMG_1772257213470.jpg
FB_IMG_1772257215328.jpg
FB_IMG_1772257223902.jpg
FB_IMG_1772257228018.jpg
Алдыга
Артка
FB_IMG_1772257220129.jpg
FB_IMG_1772257206266.jpg
FB_IMG_1772257210700.jpg
FB_IMG_1772257213470.jpg
FB_IMG_1772257215328.jpg
FB_IMG_1772257223902.jpg
FB_IMG_1772257228018.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 28.02.26. /Кабар/. Күн мурун Ош шаарынын мэринин орун басары Шумкарбек Пайзиев Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Кыргызстандагы өкүлдөрү Алелекова Светлана жана Матсумото Дайки менен жолугушту.

Мэриядан билдиришкендей, жолугушуунун алкагында Ош шаарынын Башкы планын иштеп чыгууга багытталган долбоорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү каралып, JICA тарабынан аналитикалык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, техникалык жана эксперттик колдоо көрсөтүүгө көмөктөшүү жолдору талкууланды.

Шаар мэринин орун басары Ош шаарынын мэриясы үчүн Башкы план стратегиялык мааниге ээ болгондуктан, шаар куруу тармагында эл аралык тажрыйбаны жана заманбап ыкмаларды колдонуу абдан маанилүү экендигин белгиледи.