Оштун Ачык-Суу айылындагы мектеп 1-сентябрда пайдаланууга берилет

Аймак Загрузка... 05 Август 2025 10:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 05.08.25. /Кабар/. Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы мектептин курулушу аяктап калды.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, билим ордосу 1-сентябрда окуучуларга эшигин ачат.

275 орунга ылайыкталган жаңы мектептин жалпы аянты 1956 чарчы метрди түзүп, А,Б,Г блоктон турат. Эки кабаттуу окуу корпус, ашкана, китепкана, дарыгердин бөлмөсү, жыйындар жана спорттук залдар каралган.

Бегилей кетсек, эски мектептин 1-корпусу 1978-жылы курулса, 2-корпусу 1985-жылы курулуп пайдаланууга берилген. Андан бери капиталдык оңдоодон өтпөй авариялык абалга келип калган.

Жаңы мектептин курулушу 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.