ОшТУ Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу үчүн адистерди даярдайт

Коом Загрузка... 07 Февраль 2025 12:44
WhatsApp Image 2025-02-07 at 08.00.29.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 07.02.25. / Кабар/. Ош технологиялык университети Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу үчүн адистерди даярдайт. Бул тууралуу ОшТУнун ректору Жанболот Турсунбаев билдирди.

Анын айтымында, долбоорду ишке ашыруу үчүн окуу жай кыргыз-кытай инвестициялык башкы соода палатасы жана Кытайдын Шицзячжуан технологиялык институту менен келишимге кол коюшкан.

“Ошонун негизинде биз азыр лицензия алууга министрликкке билдирме берип жатабыз. Биздин негизги максатыбыз лицензияны алып, темир жол адистерин даярдоо”, - деди ал.

Ал кошумчалагандай, бул адистиктик окуу жайдын Траспорт жана энергетика институтунун базасында окутулат. Темир жолдогу вагондорду тейлөө, компьютердик тиркемелер боюнча адистерди даярдап чыгарат. Ал эми болочок адистерди даярдоого мугалимдер даяр.

“Келишимдин негизинде жүктөрдү ташууну уюштуруу багытында окуу пландары даярдалды. Лицензия алсак эле толук кандуу окутууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Адистерди даярдоо кыргыз-кытай кызматташуусунун натыйжасында ишке ашып жатат”,-деди ал.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров 2024-жылдын 27-декабрында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна старт берген. Анын курулушу 6 жыл аралыгында бүткөрүлөт.