Бишкек 14.07.25 /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын август айында Ош шаарында эл аралык деңгээлдеги тоолуу веложүрүш өтөт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору Эрденет Касымов “Кабар” маалымат агенттигиндеги маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, иш-чара чет элдик туристтердин Кыргызстанга болгон кызыгуусун арттыруу жана өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн жайылтуу максатында уюштурулууда.
“Катышуучулар Ош шаарынан старт алып, 15 күн аралыгында Кыргызстандын кооз тоолору аркылуу жүрүш жасап, Каракол шаарына чейин жетишет. Учурда веложүрүшкө даярдыктар кызуу жүрүп жатат. Мындан тышкары, эл аралык деңгээлдеги сууда сүзүү боюнча мелдештерди да өткөрүү пландалууда. Мындай масштабдуу иш-чараларды уюштуруу үчүн бизде керектүү шарттар бар”, - деди Касымов.
Ал белгилегендей, мындай спорттук жана туристтик иш-чаралар Кыргызстанды дүйнөгө таанытууга жана ички туризмди өнүктүрүүгө чоң өбөлгө түзөт.