Оштогу жер титирөө. Жалпы 25 үй, 12 мектеп жабыркаган – ӨКМ

Аймак Загрузка... 13 Март 2025 09:58
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 13.03.25. /Кабар/. Оштогу жер титирөөдөн жабыркаган имараттар аныкталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Ош облусунун аймагында катталган жер титирөөнүн кесепетинен дубан боюнча жалпы:

- 25 турак үй;

- 12 мектеп;

- 1 бала бакча;

- 1 үй-бүлөлүк дарылоо тобу жабыркаган.

Алай району боюнча:

- 13 турак үй;

- анын ичинен 1 турак үй кооптуу.

Ал эми, Жаңы-Алай айылында турак үйлөрдүн дубалдарында жаракалар пайда болгон.

Жерине райондук жарандык коргонуу комиссиясы тартылып, турак үйлөрдөгү эски жаракалар жер титирөөдөн чоңойгондугун аныкташып, акт түзүлгөн. 7 турак үй камсыздандыруудан өткөн, 6 турак үй камсыздандыруудан өткөн эмес.

Ал эми Кара-Суу району боюнча:

- 12 мектеп;

- 12 турак үй;

- 1 бала бакча;

- 1 үй-бүлөлүк дарылоо тобу.

Жоош айыл аймагынан:

- 7 мектеп;

- 1 бала бакча;

- 1 турак үйдүн,

Ала-Тоо айыл аймагынан 1 мектептин,

Датка айыл аймагынан 3 мектептин,

Мады айыл аймагынан 7 турак үй, 1 үй бүлөлүк дарылоо тобу,

Савай айыл аймагынан 1 мектеп, 3 турак үйдүн,

Баш-Булак айыл аймагынан 1 турак үйдүн дубалында жаракалар пайда болгон.

“Жерине райондук жарандык коргонуу комиссиясы тартылып, турак үйлөрдөгү эски жаракалар жер титирөөдөн чоңойгондугун аныкташып, акт түзүлгөн. 4 турак үй камсыздандыруудан өткөн, калган үйлөр камсыздандыруудан өткөн эмес”,-деп айтылат маалыматта.