Оштогу жаңы мектептердин курулушу текшерилди

Коом Жүктөлүүдө... 24 Июль 2026 12:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Алдыга
Артка
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 24.07.26 /Кабар/. Ош шаарындагы жаңы 10 мектептин курулуш сапаты, иштердин графикке ылайык жүргүзүлүшү жана курулуш-монтаждоо иштери текшерилди.

Курулуш министринин маалыматына ылайык, учурда бардык 10 объектте комплекстүү иштер аткарылып, алардын жалпы көлөмү 35–45 пайызды түзөт.

Алар төмөндөгү мектептер:

  • Салижан Жигитов атындагы №2 мектептин 1200 орундуу, 5 блоктон турган, 4 кабаттуу жаңы окуу имараты;
  • С. Алымкулов атындагы №33 орто мектептин 312 орундуу, 2 блоктон турган, 3 кабаттуу кошумча окуу корпусу;
  • Ж. Бөкөнбаев атындагы мектептин аймагындагы 750 орундуу, 7 блоктон турган, 3 кабаттуу кошумча корпусу;
  • М.В. Ломоносов атындагы №3 орто мектептин эски имаратынын ордуна жаңы 1000 орундуу окуу имараты. 4 блоктон туруп, 4 кабаттуу жана жертөлөсү да каралган;
  • Ак-Буура жаңы конушунда 800 орундуу, 5 блоктон турган, 3 кабаттуу жалпы билим берүүчү мектеп;
  • Ош шаарынын Ишкаван айылында 700 орундуу, 5 блоктон турган, 3 кабаттуу мектеп;
  • Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Сары-Зоо тилкесинде 528 орундуу, 5 блоктон турган, 3 кабаттуу мектеп;
  • Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагында Барпы Алыкулов атындагы орто мектеп үчүн 1200 орундуу, 5 блоктон турган, 4 кабаттуу кошумча корпус;
  • “Эне-Сай” жаңы конушунда 1000 орундуу, 2 блоктон турган, 3 кабаттуу мектеп;
  • Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Сүрөттүү-Таш айылында 500 орундуу, 6 блоктон турган, 2 кабаттуу мектеп.

Текшерүүнү Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директорунун орун басары Мирлан Бузурманкулов жана “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Таалайбек Алымкулов жүргүзүштү.

Белгиленгендей, аталган 10 мектептин курулушу быйылкы жылдын февраль айында башталган. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, аймактагы социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө жана окуучулар үчүн заманбап билим берүү шарттарын түзүүгө багытталганы айтылат.