Бишкек, 15.04.26 /Кабар/. Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев борбордук базардын соодагерлери менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн укту. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда жер акысынын жогору болушу, коомдук транспорт каттамдарынын жетишсиздиги жана базарга алып баруучу кошумча альтернативдик жолдорду куруу маселелери көтөрүлдү. Шаар башчысы айрым көйгөйлөрдү жеринде чечип, тиешелүү мекеме жетекчилерине конкреттүү тапшырмаларды берди.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча негизги чечимдер:
Ижара акысын төмөндөтүү маселеси шаардык кеңештин жыйынында каралып, аны 50 пайызга чейин арзандатуу сунушталары белгиленди.
- Осмонов көчөсүн кеңейтүү долбоорунун алкагында 20-апрелден тарта асфальт төшөө иштери башталат.
- Соодагерлердин базардын расмий ачылышын өткөрүү демилгеси колдоого алынып, мэрия уюштуруу иштерине көмөктөшөт.
Эскерте кетсек, жаңы муниципалдык Ош базарына шаардагы 30га жакын соода түйүнү көчүрүлгөн. Учурда башаламан соода кылгандарды тартипке келтирүү жана аларды жаңы базарга жайгаштыруу иштери улантылууда.