Бишкек, 29.04.25. /Кабар/. Бүгүн С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында бош жумуш орундар жана кесиптер жарманкеси өттү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, жрманкеге эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров, мэрдин орун басары Салтанат Аманова, JIA бизнес ассоциациясынын өкүлдөрү, ишкерлер, окуу жайлардын мугалимдери жана студенттери катышты.
Жарманкеде 40тан ашуун ар багытта иш алып барган алдыңкы компаниялар тарабынан 2 миңден ашуун бош жумуш орундары сунушталды.