Оштогу Учар көрүстөнүн рекультивациялоо иштери башталды

Аймак 25 август 2025 17:32
Оштогу Учар көрүстөнүн рекультивациялоо иштери башталды

Бишкек, 25.08.25. /Кабар/. Ош шаарынын Мамыров көчөсүндө жайгашкан Учар көрүстөнүндө рекультивациялоо иштери башталды.

Шаардык муниципалитеттен билдиришкендей, аталган көрүстөнгө акыркы жолу 50 жыл мурун, 1975-жылы сөөк көмүлгөн. Ал эми, алгачкы жолу качан сөөк коюлганы белгисиз.

Белгиленгендей, Учар көрүстөнүнүн жалпы аянты 2 гектар 14 сотых.

"Ош шаарында эски көрүстөндөрдү коомдук муктаждыктар үчүн кайра пайдалануу максатында рекультивациялоо иштери жүргүзүлүүдө",-деп айтылат маалыматта.