Оштогу темир усталар иштеген жер заманбап туристтик жайга айланат

Аймак Жүктөлүүдө... 20 Февраль 2026 15:36
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Алдыга
Артка
Алдыга
Артка
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 20.02.26. /Кабар/. Ош шаарындагы темир усталар иштеген жер заманбап туристтик жайга айланат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Бугүн мэр Жанарбек Акаев эски Ош базарын кыдыруунун алкагында темир усталар менен жолукту.

Анда шаар башчысы базардын учурдагы абалына көңүл буруп, усталар иштеп жаткан жайларды заманбап талаптарга ылайык иретке келтирүү, санитардык жана коопсуздук шарттарын жакшыртуу зарылдыгын белгиледи.

Мэр аталган аймакты иретке келтирип, улуттук кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүгө багытталган туристтик шаарчага айландыруу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди. Ошондой эле бул аймак соода-сатык жүргүзүлүүчү жайга айланбай, негизинен кол өнөрчүлөрдүн шаарчасы катары иш алып барарын белгиледи.