Оштогу Сырт айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулууда

Аймак 16 Октябрь 2025 14:12
562383055_1319165269682519_2609073795836640850_n.jpg
564611155_1319164963015883_7927966701538400552_n.jpg
564761690_1319165313015848_1645743714877507777_n.jpg
Алдыга
Артка
562383055_1319165269682519_2609073795836640850_n.jpg
564611155_1319164963015883_7927966701538400552_n.jpg
564761690_1319165313015848_1645743714877507777_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 16.10.25. /Кабар/. Ош облусунун Араван районуна караштуу Сырт айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, объекттин тендердик баасы 109 млн сомду түзүп, республикалык бюджеттен каржыланууда.

Долбоор боюнча эки кабаттуу мектеп үч блоктон турат. Окуучулар жана мугалимдер үчүн имаратта бардык шарттар каралат.

Курулуш иштери Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүп, долбоорду “Перспект проект” ЖЧКсы ишке ашырууда.