Курман айт — мусулмандардын эң улуу майрамдарынын бири. 2025-жылы Кыргызстанда Курман айт 6-июнда (жума күнү) белгиленүүдө.
Кыргызстанда Курман айт расмий түрдө эс алуу күнү болуп саналат. Бул майрам биримдиктин, боорукерликтин жана ыймандын символу.
Айт намаз бүгүн таң эртең мечиттерде окулду. “Кабар” агенттигинин сүрөтчүсү Исхат Туратбеков Ош шаарындагы Сулайман-Тоо мечитинен эксклюзивдүү кадрлар менен бөлүштү.