Оштогу Шамшат көчөсү толук капиталдык оңдоодон кийин ачылды

Аймак Загрузка... 10 Июль 2025 14:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 10.07.25. /Кабар/. Ош шаарындагы Шамшат көчөсү толук капиталдык оңдоп түзөөдөн кийин пайдаланууга берилди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Аталган көчө Б. Осмонов көчөсү менен кесилишип, жаңы муниципалдык базардын жанынан өтөт. Жолду пайдаланууга берүү менен базарга келүүчү кошумча жаңы жол пайда болду.

Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңеш төрагасы Болот Баетов, жергиликтүү жашоочулар, мекеме-ишкана жетекчилери катышты.

Шамшат көчөсү эки карама каршы багытта жалпы төрт тилкелүү болуп, жөө жүргүнчүлөр үчүн эки тарабына тротуар жана ирригациялык лотоктору, түнкү жарыктандыруусу бар.

Аталган көчө Б.Осмонов көчөсүнүн кесилишинен баштап Курманжан датка көчөсүнө чейин созулат. Жалпы узундагы 1,5 чакырымга жакын.