Оштогу “Салкын-Төр” эс алуу борбору мамлекетке кайтарылды

Аймак 24 май 2025 10:25
WhatsApp Image 2025-05-24 at 06.52.56.jpeg
WhatsApp Image 2025-05-24 at 06.52.55.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-05-24 at 06.52.56.jpeg
WhatsApp Image 2025-05-24 at 06.52.55.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon УКМК

Бишкек, 24.05.25. /Кабар/. Ош шаарына караштуу Төлөйкөн айылында жайгашкан “Салкын-Төр” эс алуу борбору мамлекетке кайтарылды.

УКМКдан билдиришкендей, “Салкын-Төр” эс алуу борборунун 2,5 ГА ашуун жер тилкелери мыйзамсыз жеке менчике берилгендиги аныкталган.

УКМК тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында эс алуу борбордун ээси А.К.А. өз ыктыяры менен 2,21 ГА жер тилкесин Ош шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берди.