Бишкек, 20.02.26 /Кабар/. Оштогу Б.Осмонов көчөсүндөгү жол тилкеси 8 тилкелүү болот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Бүгүн мэр Жанарбек Акаев тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен бирге аталган көчөнү кыдырып, жолдогу көйгөлөрдү жеринен көрүп чыкты.
Бул жол Баткенге каттаган негизги каттам болгондуктан жана келечектеги "Ош сити" шаарчасына байланыштуу, тыгындарды алдын алуу үчүн жолду кеңейтүү зарыл экени айтылды.
Мэр курулушту тездетип, мөөнөтүнөн мурда бүтүрүүнү жана жолду 6 тилкеден 8 тилкеге чейин кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды.