Бишкек, 02.09.25. /Кабар/. Ош шаарындагы “На углях” кафесинин аймагындагы курулуштар алынууда.
Шаардык мэриядан билдиришкендей, Курманжан датка көчөсүндө жайгашкан “На углях” кафесинин “Жөө бас” каналынын корук аймагындагы курулуштарын алып салуу иштери жүрүп жатат.
Андан сырткары кафе жайгашкан жер Сулайман-Тоонун буфердик зонасындагы, жашыл аймака курулуп калган.
"Жашоочулар да түн бир убакытка чейин бийик музыка жана адамдардын ызы-чуусу тынчын аларын айтып, айтып келишет",-деп айтылат маалыматта.