Бишкек, 17.01.26. /Кабар/. Ош шаарындагы № 3 М. Ломоносов орто мектеби капиталдык ондоп-түзөөдөн өтүп, балдардын билим алуусуна бардык шарттар түзүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Аталган билим берүү мекемеси буга чейин авариялык абалга келип, капиталдык оңдоого муктаж болуп турган. Имараттын дубалдарында жаракалар пайда болуп, жалпы абалы талапка жооп бербей калган. Ушуга байланыштуу шаар башчысы мектепти толук жаңылоо жана заманбап талаптарга ылайык келтирүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берген.
Аткарылган иштердин алкагында мектептин сырткы көрүнүшү толугу менен жаңыланып, бардык эшик-терезелер алмаштырылды. Чатыры жабылып, имарат сырты акталып, сырдалды. Ошондой эле билим берүү мекемесинин ичинде ашкана, актовый зал, лабораториялык кабинеттер, эмеректер жана спорт зал заманбап талаптарга ылайык оңдолуп, жабдылды.
Ошондой эле “Ошжылуулукэнерго” муниципалдык ишканасынын М. В. Ломоносов атындагы отканасы капиталдык ремонттон өткөрүлүп, пайдаланууга берилди.
Мындан сырткары, мектептин алдында окумуштуу М. Ломоносовдун эстелиги ачылды.
Белгилей кетсек, Ломоносов атындагы мектеп мурда Курманжан датка көчөсүндө жайгашып, окуучулардын санынын көптүгүнөн улам 3 нөөмөттө билим берип келген. Бул жагдайды эске алуу менен шаар бийлиги тарабынан мектепти Калинин атындагы мектептин имаратына көчүрүү чечими кабыл алынган.
Эске салсак, билим берүү мекемесинин имаратын президент Садыр Жапаров Элдик курултайдын алкагында онлайн форматта пайдаланууга берген.