Оштун жашыл чарба комбинаты жаңы имараттуу болду

Аймак Загрузка... 20 Ноябрь 2025 15:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 20.11.25. /Кабар/. Бүгүн "Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты" муниципалдык ишканасынын жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Жаңы курулган имараттын жалпы аянты 7304 чарчы метрди түзүп, анда административдик имарат, чарбалык жай, суу кампасы, ашкана, кампа, унаа жуучу жай, жуунучу, унаа токтотуучу жай жана башка толук шарттар каралган.

Долбоор жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланды. Жашылдандыруу мекемесинин кызматкерлерине түзүлгөн шарт ушуну менен токтобойт. Алдыда аз пайыздык батирлер жана айлык акыларын жогорулатуу пландалган.

Иш-чаранын ачылышына катышкан калаа башчысы муниципалдык ишкананын жетекчисине кызматтык унаа тапшырды.

Эскерте кетсек, мэр Жеңишбек Токторбаев жыл башында имараттын абалын, андагы түзүлгөн шартты көрүп, аны жаңыдан куруу тапшырмасын берген.