Бишкек, 01.03.26. /Кабар/. Ош шаарындагы эски "Келечек" базары жабылып, соодагерлерди көчүрүү иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Белгилей кетсек, буга чейин эски "Келечек" базары 1-марттан тарта жабылып, соодагерлер этап-этабы менен көчүрүлөрү тууралуу маалымдалган.