Оштогу "Келечек" балдардын чыгармачылык борбору толук оңдолду

Аймак 01 Сентябрь 2025 09:42
FB_IMG_1756693140905.jpg
FB_IMG_1756693138565.jpg
FB_IMG_1756693144644.jpg
FB_IMG_1756693147646.jpg
FB_IMG_1756693153796.jpg
IMG-20250901-WA0000.jpg
Алдыга
Артка
FB_IMG_1756693140905.jpg
FB_IMG_1756693138565.jpg
FB_IMG_1756693144644.jpg
FB_IMG_1756693147646.jpg
FB_IMG_1756693153796.jpg
IMG-20250901-WA0000.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 01.09.25. /Кабар/. Ош шаарындагы "Келечек" балдардын чыгармачылык борбору жаңыдан толук оңдолду.

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык борбордун ички бөлмөлөрүнүн дубалдары тегизделип, шыбалып, жаңы пол төшөлүп, жылуулук системасы жаңыланып, түтүктөр алмашылып, ички тепкичтери жаңыланып, эшик терезелери алмаштырылган. Аны менен бирге имараттын сырткы көрүнүш да жакшырып, коопсуздук үчүн жаңы тосмолор орнотулуп, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери жүргөн.

Күн мурун шаар мэри Жеңишбек Токторбаев, шаар кеңеш төрагасы Болот Баетов, борбордун жамааты жана шаар тургундарынын катышуусунда жаңыланган чыгармачылык бор менен таанышып, балдар тарабынан даярдалган чакан майрамдык концертке күбө болушту. Калаа башчысы жакынкы убакыттарда борборго балдар үчүн кичи автобус белеке берерин убадалады.

Белгилей кетсек балдар борборуна жалпысынан 3 миңге жакын бала келип ар кандай ийримдерге катышып, билимин, чыгармачылык өнөрлөрүн арттырып, үйрөнүп кетишет.