Бишкек, 22.08.25. /Кабар/. Ош шаарынын көчөлөрүнүн бирине Абай Кунанбаевдин ысымын ыйгаруу демилгеси коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Анын ысымын шаардагы Волгоград-Тимирязев көчөлөрүнө ыйгаруу сунушталууда.
Абай Кунанбаев (1845–1904) — казак элинин улуу акыны, агартуучу, жазма адабиятынын негиз салуучусу, композитор, казак адабиятынын классиги, философ, композитор жана гуманист.
Ал бала кезинде Семейдеги медреседе окуп, чыгыш жана орус классиктеринин чыгармалары менен таанышкан. Анын чыгармачылыгы үч багытта белгилүү: өзүнүн поэтикалык чыгармалары, котормолору жана кара сөздөрү.
Абай Кунанбаев коомдук-саясий жана философиялык ой-пикирлери менен казак элинин билим, маданият жана адабий өнүгүүсүнө зор салым кошкон. Ал ошондой эле таланттуу музыкант жана обончу болуп, биздин заманга 40ка жакын обону жетип, алардын 27си нотага түшүрүлгөн.
Ош шаарынын көчөлөрүнө Абай Кунанбаевдин ысымын берүү улуу акындын мурасына урмат көрсөтүү жана жаштарды билимге, маданиятка чакыруу болуп саналат. Бул кадам эки элдин ортосундагы боордоштук, достук мамилелерди так айгинелеп турат.