Карылар күнү. Ошто “Боорукердик” мекемесинин тургундарына белек жана эмерек тапшырылды

Аймак 02 Октябрь 2025 11:23
555912521_1141020998216796_7235063783836505783_n.jpg
558013204_1141021161550113_3068166487030701721_n.jpg
556495396_1141020954883467_867844189183682357_n.jpg
556025764_1141020251550204_4741963306708103397_n.jpg
556620662_1141020631550166_3498606225925627334_n.jpg
557289300_1141020431550186_7330348133257613233_n.jpg
557282222_1141020551550174_3147509377542638618_n.jpg
555854546_1141020394883523_6578510322944684449_n.jpg
555764166_1141020754883487_1228140956313818736_n.jpg
556956750_1141020348216861_7836227598532662953_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 02.10.25. /Кабар/. Кечээ, 1-октябрда Ош шаарынын мэриясына караштуу “Боорукердик” социалдык мекемесинде Карылардын эл аралык күнүнө арналган майрамдык иш-чара болуп өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Салтанат Аманова, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Ниязбек Нурбаев жана “Айыл Банк” ААКсынын башкармасынын төрагасынын орун басары Эрмек Бакасов катышты.

Салтанат Аманова Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токтобаевдин атынан куттуктоо айтып, мекеме үчүн акчалай белек жана интерактивдүү такта тапшырды. Ал эми мамлекеттик банк мекеме үчүн жаңы эмерек алып берген.

“Боорукердик” карылар үйүндө учурда 30 улгайган адам жашайт.

Белгилей кетсек, учурда Ош шаарында “Карыларга көңүл буруу жана камкордук” аттуу бир айлык кампания өтүп жатат. Анын алкагында социалдык жактан жардамга муктаж улгайган жарандарга колдоо көрсөтүлүүдө.