Бишкек, 25.06.25. /Кабар/. Ош облусундагы Кара-Кой жайлоосуна бара турган 25 чакырымга созулган жол оңдолот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу парламенттин жыйынында билдирди.
Ал кооз жаратылышта эс алууга көп туристтер келерин, андыктан ыңгайлуу шарттар түзүлүшү керектигин белгиледи.
“Азыр жолдун абалы жакшы эмес экен. Депутаттар болуп барып, өз көзүбүз менен көрдүк. Жолго тез арада асфальт төшөө керек. Бул боюнча тиешелүү мамлекеттик мекемелерге тапшырма берилди. Өзүңүздөр билесиздер, Ноокат жолу канча жылдан бери бүтпөй жүргөн. Былтыр президенттин тапшырмасы менен, УКМК жетекчисинин көзөмөлү менен Ноокат жолу бүткөн. Бүгүнкү күндө 28 чакырым жол жасалып жатат. Ошого улай Кара-Кой жолунун 25 чакырымын бүтурүү боюнча Камчыбек Ташиев менен сүйлөштүм. Туристтердин 80 пайызы жалаң коңшу өлкөлөрдөн келет экен. Андыктан ажайып кооз жерибиздеги жолду тез арада бүтүрүүнү максатка ылайык деп эсептейбиз. Эми заңгыраган жол салынат”, - деди төрага.