Оштогу Имам аль-Бухари мечити бузулуп, ордуна жаңысы курулат

Аймак Загрузка... 20 Март 2026 14:32
2.jpg
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 20.03.26. /Кабар/. Ош шаарындагы Имам аль-Бухари атындагы Алай мечити бузулуп, ордуна заманбап, чоң мечиттин курулушу башталат. Бул тууралуу шаар мэри Жанар Акаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, учурда шаар өсүп, мечитке эл батпай бара жатат.

"Жүздөгөн жылдар тарыхы бар бул мечитте миңдеген адамдардын дубасы айтылып, жүрөктөр тазарган ыйык жай. Бирок, убакыт өзгөрүп, шаар өсүп жатат. Эл көбөйүүдө. Бүгүн бул мечитке эл батпай баратат. Көз жоосун ала турган чоң мечитти атын атагысы келбеген кыргызстандык жеке ишкер куруп берет", - деп жазды ал.
1