Бишкек, 20.02.26. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев шаарды өнүктүрүүгө багытталган жаңы долбоорго ишкерлерди инвестиция салууга чакырды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Ал бүгүн Ак-Буура дарыясынын жээгинде жайгашкан эски Ош базарынын аймагын жеринде көрүп чыгып, сунушталып жаткан долбоорлор менен таанышты.
Мэр аймакты заманбап эс алуу жайына айландырууну, жөө жүрүүчүлөргө шарт түзүп, жашыл аймактарды көбөйтүүнү жана тейлөө пункттарын иретке келтирүүнү тапшырды.
Мэр мекемелерге тез арада жаңы долбоор иштеп чыгууну тапшырып, ишкерлерди инвестиция салууга чакырды. Ал мэрия тарабынан бардык колдоолор көрсөтүлөрүн убадалады.
Мэр эски базардын тарыхый маанисин белгилеп, аны туристтик потенциалы жогору, Ташкенттеги Magic City сыяктуу заманбап маданий-эс алуу борборуна айландырууну сунуштады.