Оштогу борбордук стадиондун айланасы көрктөндүрүлөт – эскиздери

Аймак 04 Ноябрь 2025 13:21
574434717_1170402905278605_682347985695098933_n.jpg
574601635_1170402931945269_8316495550843432652_n.jpg
574922387_1170402865278609_3449215605349053027_n.jpg
575086343_1170402941945268_1660577879109123874_n.jpg
575947923_1170402975278598_7050734369431216393_n.jpg
576921699_1170402898611939_1909413922937376387_n.jpg
577822473_1170402871945275_8282010696632497160_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 04.11.25. /Кабар/. Ош шаарындагы А. Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондун кире бериши бөлүгү көрктөндүрүлүп, жашылдандырылат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, борбордук стадиондун айланасы буга чейин ар кандай учурларда жеке тараптарга пайдаланууга берилип, анын кесепетинен башаламан курулуштар пайда болуп, стадиондун жалпы көрүнүшүнө жана эл аралык талаптарга жооп берүүсүнө терс таасир тийгизген.

Жергиликтүү бийлик тарабынан стадиондун айланасындагы жана каналдын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар бузулуп, аймак баштапкы абалына келтирилип, тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Аймакты иретке келтирүү жана кооздоо, деги эле шаар аймагындагы жерлерди сарамжалдуу пайдалануу боюнча тапшырмалар берилген. Анын негизинде Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан стадиондун кире бериш бөлүгүн көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча эскиздик долбоор иштелип чыкты.

Бул долбоордун максаты - борбордук стадиондун айланасын кооз, таза жана шаар тургундары үчүн ыңгайлуу эс алуу мейкиндигине айлантуу болуп саналат.