Оштогу "Боорукердик" социалдык мекемесине унаа берилди

Аймак 31 Декабрь 2025 14:34
FB_IMG_1767170034202.jpg
FB_IMG_1767170041838.jpg
FB_IMG_1767170045788.jpg
FB_IMG_1767170030028.jpg
FB_IMG_1767170026756.jpg
FB_IMG_1767170022973.jpg
FB_IMG_1767170020849.jpg
FB_IMG_1767170019015.jpg
FB_IMG_1767170016780.jpg
FB_IMG_1767170014848.jpg
Алдыга
Артка
FB_IMG_1767170034202.jpg
FB_IMG_1767170041838.jpg
FB_IMG_1767170045788.jpg
FB_IMG_1767170030028.jpg
FB_IMG_1767170026756.jpg
FB_IMG_1767170022973.jpg
FB_IMG_1767170020849.jpg
FB_IMG_1767170019015.jpg
FB_IMG_1767170016780.jpg
FB_IMG_1767170014848.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Ош шаарынын мэриясы

Бишкек, 31.12.25. /Кабар/. Бүгүн мэр Жеңишбек Токторбаев Ош шаарынын мэриясынын "Боорукердик" социалдык мекемесине кызматтык унаа тапшырды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, үч күн мурун мекемеде жашаган аксакал мэрден унаа белек кылууну сураган. Мындагы карыяларды ооруканага алып баруу сыяктуу олуттуу учурларда унаага зарылдык курч экенин айткан эле.

Шаар башчы аксакалдын өтүнүчүн үч күн ичинде орундатып, жаңы, заманбап үлгүдөгү унааны тартуулады.

"Боорукердик" социалдык мекемесинде 43 бала жана 28 улгайган адамдар жашайт.